www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Глобалдык жылуулуктун айынан Жерде иче турган суунун кору азайып, таза суунун экосистемасынын тең салмактуулугу бузулушу мүмкүн. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Мындай тыянакка Ренсселера (АКШ) политехникалык институтунун окумуштуулары келген. Алар глобалдык жылуулуктун тездешинен улам суусу таза көлдөрдө кычкылтектин деңгээли төмөндөгөнүн байкашкан.

Адистер 393 суу объектисин изилдеп чыккан. Ал көлдөр Дүйнөлүк океанга караганда кычкылтекти 2,75-9,3 эсе тез жоготуп жатканын, мындай көрүнүш алардын экосистемасына зыянын тийгизерин аныкташкан.

1980-жылдан бери көлмөлөрдөгү кычкылтектин курамы үстү жагында 5,5 пайызга, түбүндө 18,6 пайызга азайган. Муну окумуштуулар 10 жыл ичинде таза суунун температурасынын 0,38 градуска көтөрүлүшү менен байланыштырган.

Климаттын өзгөрүшүнөн көлдөрдө көк-жашыл балырлар көбөйө баштаган. Булардын таза сууда жашаган организмдерге терс таасирин тийгизери айтылган. Мындай шартта пайда болгон метан парник газдарын бөлүп чыгарып, климаттын өзгөрүү темпи жогорулайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости