www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нанкин Университетинин Медицина мектебиндеги кытай окумуштуулары COVID-19 антителолорунун саны калыбына келгенден кийин бир айдан соң кескин азайып кетерин аныкташты. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазды.

Ага ылайык,  жети жума бою (оору башталгандан бери) оорунун жеңил формасына кабылган 19 адамды жана COVID-19дун оор формасы менен ооруган 7 бейтаптан антителонун реакциясын көзөмөлгө алынган.

Изилдөөдө айыккан бейтаптардын 81 пайызында антителолору бар экени аныкталган, бирок алардын айрымдары гана инфекцияны нейтралдаштырып же өлтүрүүгө жөндөмдүү болгон. Илимпоздор аныктагандай, бейтаптар ооруканадан чыккандан соң үч-төрт жумадан кийин антителолордун нейтралдаштыруучу касиети бир кыйла төмөндөгөн.

Окумуштуулардын айтымында, эгер организм антителолорду көпкө кармабаса, анда вакцина вирустан туруктуу коргой албайт дегенди билдириши мүмкүн.

Бирок Нью-Йорктогу америкалык илимпоздор тарабынан жүргүзүлгөн буга чейинки изилдөө көрсөткөндөй, COVID-19 жеңил жана орточо формалары бар бейтаптардын көпчүлүгүнүн денесинде үч ай бою сакталып турган антителолору бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости