www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Планетада тамак-аштын бардык булактары жок калган учурда адамзат дагы 1149 күн жашай алат, алар бири-бирин жешет. Мындай жыйынтык британиялык окумуштуулардын Journal of Physics Special Topics журналына жарыяланган изилдөөсүндө келтирилгенин жазат lenta.ru.

“Бүгүнкү күндө Жерде 7,6 миллиардан ашык адам жашайт, жана биз эгерде Жер жүзүндө бардык тамак-аш жок калып бүткүл дүйнөлүк кризис болсо эмне болот деп ой жүгүртүп көрдүк. Биз эгерде адамзат өзүнүн этин жеп жашай турган болсо, канча убактыка чейин жашоо уланаарын эсептеп чыктык”, – деп жазылат макалада.

Эсептөөлөрдө көрсөтүлгөндөй адамдын денеси 125 миңге жакын килокалорий камтыйт, ал 50 адамды бир суткага энергия менен камсыздай алат. Ага ылайык, “кризис” башталган учурдан тарта биринчи күнү адамзаттын 2 пайызы жок болот, экинчи күнү дагы эки пайыз д.у.с.

Окумуштуулар билдиришкендей, адамзаттын жашоосу дагы созулушу мүмкүн, эгерде күчтүүлөр биригип алып алсыздардын этин алып үнөмдөй турган болсо.

Булак: "kyrgyztoday.org"

Последние новости