www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окуу жылын кайрадан 1-сентябрда баштоо сунушу талкууланууда

Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылынын мөөнөтү боюнча ата-энелерден жана окуу жайларынан түшүп жаткан сунушкайрылууларды изилдеп жатат. Бул тууралуу 6-июнда Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин отурумунда министрдин орун басары Расул Авазбек уулу билдирди.

“Бизге да ата-энелерден жана окуу мекемелеринен, анын ичинде өзгөчөлүгү бар окуу жайлардан да көптөгөн кайрылуулар келип жатат. Кайрылуу-даттануулар боюнча министрдин кабары бар, аппаратка бул боюнча тапшырма берген.

Артыкчылыктар, тобокелчиликтер жана коркунучтар жөнүндө”. Маселени депутат Аида Исатбек кызы көтөрүп чыгып, көп ата-эне кайрылып жатканын айтты. “Биздин мектептердеги класстарда 40-50 бала окуйт.

Күн ысыганда чоң көйгөй болууда. Балдар чарчап жатат, маалыматты өздөштүрө алышпайт. Кайрадан 1-сентябрдан 25-майга чейинкидей тартипке алып келе алабызбы? “Жок, алып келе албайбыз” десек, анда иш жүргүзүш керекпи деп ойлойм, класстарга кондиционер орнотуп, шарт түзүп...”, - деди министрдин орун басары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости