www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жал кичи районунда Бишкек шаарынын тургунун сабап кетишти. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жарыялады.
Бейтааныш жаранга жабырлануучунун көз карашы жакпай калгандыктан кол салган.
«Мен токтотууну сурандым, ал болсо мага аны кантип кароону көрсөтө турганын айтты. Мен арыз менен милицияга кайрылдым. Шектүүнүн өздүгү такталып, суракка алынып, бирок азыр ал шаарда ээн-эркин жүрөт. Видеодо анын мени кантип сабап, артыман чуркаганы көрүнүп турат. Күнөөлүү адам жазасын алышы үчүн же камакка алынышы үчүн адам өлүшү керекпи, түшүнө албайм. Милициядан эч кандай реакция жок, мени сабаган жигит жазасыз калганын сезип, мени шылдыңдап жатат. Мага жабык баш мээнин жаракаты диагнозу коюлду», - деп жазган ал.
Окуянын чоо-жайын Ленин райондук ички иштер бөлүмү тактап жатат.
Булак: NazarNews.kg