www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2027-жылдын 1-январынан тартып мектеп окуучуларынын бир күндүк тамак-ашын каржылоо ченеми 40 сомго чейин жогорулатылат.
Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.
Учурда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы билим берүү уюмдарынын 1–4-класстарынын окуучуларынын тамактануусу бир окуучуга күнүнө 14 сом өлчөмүндө каржыланып келет.
Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, бул чечим балдардын ден соолугун чыңдоого, толук кандуу тамактануусун камсыз кылууга жана сергек жашоо мүнөзүнүн негиздерин калыптандырууга багытталган.
Каржылоо көлөмүнүн 40 сомго чейин көбөйүшү мектептердин менюсуна эт жана балык азыктарын, сүт азыктарын көбүрөөк киргизүүгө, жашылча-жемиштердин түрүн кеңейтүүгө жана тамак-аштын азыктык баалуулугун жогорулатууга шарт түзөт.
Мындан тышкары, жаңы норматив өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы мектептерде тамактанууну уюштуруудагы айырмачылыктарды азайтып, ата-энелердин кошумча каржылык жүгүн жеңилдетүүгө көмөк көрсөтөрү белгиленди.
Бул чечимди ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2027-жылдын 1-январынан тартып жаңы нормативди каржылоого зарыл болгон бюджеттик каражаттарды кароо тапшырмасы берилди.