www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-июнь күнү борбор калаабыздагы «Манас» кинотеатрында режиссёр Асамиддин Мухиддиновдун жаңы мистикалык көркөм тасмасы — «Жалгыз аяк» фильминин бет ачар көрсөтүүсү болуп өттү. 

Иш-чарага кино сүйүүчүлөр, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышып, тасмага болгон кызыгуунун жогору экенин айгинеледи.

«Жалгыз аяк» — көрүүчүнү сырдуу окуялардын, күтүүсүз бурулуштардын жана терең психологиялык сезимдердин дүйнөсүнө жетелеген өзгөчө тасма. 

Тасмада адам тагдыры, ички коркунучтар жана белгисиз күчтөр менен байланышкан окуялар көркөм чагылдырылып, көрүүчүнү башынан аягына чейин чыңалууда кармайт.

Мистика жанрындагы бул кино расмий түрдө 11-июндан тартып өлкө боюнча бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт. 

Бул кино көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбай кыргыз кино тармагындагы жаңы эмгектердин катарын толуктайт деп ишенем.

Последние новости