www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектеп окуучуларынын жазгы эс алуу күндөрү өзгөрбөй турган болду. Билим жана илим министрлиги бүгүн тараткан маалыматка караганда, беш күндүк тартипте окуган балдар мурда пландалгандай эле 21-30-мартта эс алышат, бирок январдын соңундагы катуу сууктан улам убактылуу тыныгуу болгон күндөр үчүн март айынын дем алыш күндөрү окушат.

Ал эми жумасына алты күн окугандар 26-30-мартта эс алышат, бирок окуу жылынын соңунда - 26-30-майда кошумча окушат.

Өткөн айдын аягында Кыргызстанда абанын температурасы кексин төмөндөп, түнкүсүн Бишкекте -30га түшкөн. Ошого байланыштуу 26-январдан 3-февралга чейин, дээрлик бир апта мектептер жана бала бакчалардын иши токтотулган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости