www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өлдү”, деп жерге коюлган аял телефон чалып балдарын чакырган. Бул окуя Өзбекстанда болгон. Билдирүүдө мындай деп айтылат:

"Апам каттуу ооруп ооруканага жаткырылды. Эртеси апам каза болуп калды деген кабар келди. Үчөөбүз сөөктү алып кетиш үчүн ооруканага бардык. Кара целлофанга оролгон дене биздин колубузда болчу жана аны ачпагыла деди. Алар айткандай, биз апамды ачкан жокпуз. Биз ыйлап, сыйынып, көмүп жаттык. Биздин үй аза күтүү жайына айланды.

4-5 күндөн кийин менин телефонума бирөө чалып калды. Алсам апам! “Балам, эмне үчүн менден кабар албай жатасыңар?” - деп капа болду. Мен таң калдым. Ооруканага учуп жеттим. Дарыгерлер кечирим сурап, каза болгондор жоголгонун айтышты. Көрсө биз бөтөн эле бирөөнү жерге бериптирбиз. Менин апам тирүү экен. Мен апамды кучактап аябай ыйладым. Апам айыгып, үй-бүлөбүзгө кайтып келди, альхамдулиллах ... »

Бул көрүнүшкө Саламаттыкты сактоо министрлиги расмий жооп берген. Анын айтымында, бейтап каза болсо калса, эч бир доктур аны сыртка чыгарып, туугандарына өткөрүп бере албайт. Мындай кырдаал келип чыкса, ал кызматкерге карата чара көрүлөт.

Республикалык патологиялык анатомия борборунун директору, профессор Ражаббой Исроилов ооруканада маркумдун сөөгүн үй-бүлөсүнө кантип өткөрүп берүү жөнүндө маалымат берди.

"Биринчиден, дарыгер сөөктү туугандарына өткөрүп берүү жараянына кийлигишпейт. Экинчиден, бардык иштер белгиленген тартипте патологиялык анатомия институтунда жүргүзүлөт. Мындан тышкары, сөөктү ороп алганга чейин мекеменин кызматкери, албетте, туугандарына жүзүн көрсөтүп, тактайт. Бардык процесстер документте толук чагылдырылган ”, - деди Ражаббой Исроилов.

Учурда коронавирустун айынан каза болгон бейтаптарды көмүү өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Республикалык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл агенттигинин кызматкерлеринин катышуусунда жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

"Урматтуу мекендештер, азыркы учурда биз бардыгыбыз жакшы билебиз. Оор илдетти жоюуга биздин өлкөнүн жетекчилиги жана кызмат адамдары, саламаттыкты сактоо тутумунун кызматкерлери бардык күч-аракетин жумшашат, мындай шартта биз ар кандай ушактарга жана негизсиз кабарларга ишенбөөңүздү суранабыз.

Адамдын өмүрүнө жана кадыр-баркына таасир тийгизүүчү жагдайлар аныкталса, ага себеп болгондор мыйзам алдында жооп беришет. Министрликтин билдирүүсүндө "негизсиз ушактарды таратып, эл арасында дүрбөлөң жараткандар дагы жазаланат" деп айтылды министрликтин билдирүүсүндө.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости