www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Кореялык программист смартфондор үчүн маркум менен сүрөткө түшүү мүмкүн кылган тиркеме жаратты. Андан тышкары өлгөн адам менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк жаралат деп mir24.tv порталы жазат.

Мындай тиркеменин идеясы Ен Юн Лим аттуу бийкечке таандык. Ал чоң апасынын каза болгонун абдан оор кабыл алган. Жыйынтыгында маркумдун элесин кайра тирилте турган тиркеме чыгарган.

Иштеп чыгуучулардын айтымында тиркеме аркылуу “тирилген” адамдын эсинде эч кандай окуя жок болот. Авторлордун айтымында жакындарынан айрылгандар үчүн жоготууну жеңилирээк кабыл алууга мүмкүндүк түзөт.

Азырынча тиркеме иштеп-чыгуучу компаниянын текчесинде гана иштеп жатат, аны менен катар кызматкерлер каалоочуларга аватарларды жаратууга жардам берип турушат.

Булак: "5news.kg"

Последние новости