www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети сымап камтылган товарларды жана алардын калдыктарын урунуу жаатында экономикалык механизмдерди киргизүү максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (сымап камтылган товарлары ташып келүүнү жөнгө салууга тиешелүү)” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Демилгечилер – депутаттар тобу. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечилердин айтымында, иштен чыккан сымап камтылган буюмдар уулуу сымаптын жана башка зыяндуу заттардын адамдын байыр алуу чөйрөсүнө чыгуу булагы болуп саналгандыктан, аларды тандап чогултуу жана кайра иштетүү зарылдыгы жаралууда. Ошондон улам, экологиялык жагымсыз өнүмдөргө атайын төлөмдөрдү киргизүү, алынган каражаттарды экологиялык таза технологияларды иштеп чыгуу чаралары каралууда.

Өлкө аймагында жүгүртүүдөгү сымап камтылган өнүмдөрдүн жетиштүү саны анын калдыктарынын көбөйүшүнө, демек, экологиялык тобокелдиктердин деңгээлинин жогорулашына алып келет. Мындай товарлардын түрлөрүн өндүрүүнү жана ташып келүүнү чектөөгө, ошондой эле аларды чогултуу жана кайра иштетүү үчүн карыжылык базаны камсыз кылууга багытталган экономикалык механизмдерди киргизүү чаралары каралууда.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости