www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-ноябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 567 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 136, Ош шаарынан – 41, Чүй облусунан – 96, Ош облусунан – 65, Талас облусунан – 17, Ысык-Көл облусунан – 57, Жалал-Абад облусунан – 101, Баткен облусунан – 42, Нарын облусунан – 12 катталган. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 65 454 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 483 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 56 307ге жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 86, Ош шаарынан – 15, Чүй облусунан – 47, Ош облусунан – 65, Ысык-Көл облусунан – 67, Жалал-Абад облусунан – 97, Баткен облусунан – 90, Нарын облусунан – 6.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 2 адам каза болду. Жалпы саны 1195ке жетти. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости