www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул жолку элдик толкундоодон кийин өлкөдө ички саясий кырдаал турукташып, саясий процесстер конституциялык, мыйзамдык талаага тезинен кайтып келди. Мындай пикирин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров элчилер менен жолугушуу учурунда билдирди.

"Биздин өлкөдө түзүлгөн коомдук-саясий кырдаал тууралуу ар кандай бүдөмүк ойлордун бардыгын ачыктап жана алып салуу үчүн ушундай форматта сиздер менен жолугушууну туура деп эсептедим. Кыргызстан өзүнүн чет өлкөлүк өнөктөштөрү, ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдар менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө ар дайым кызыкдар. Ошондуктан бүгүнкү иш-чараны өзгөчө жолугушуу деп эсептейм", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал учурда бийликтин легитимдүүлүгү бекемделип, анын аткаруу органдары туруктуу режимде иштөөнү улантып жатканын белгиледи.

"Буга чейин Кыргызстанда болгон эки жолку революцияда мамлекетибиз бир топ убакытка чейин укуктук талаага кире албай калгандыгы эч кимге жашыруун эмес. Бул жолу өзүңүздөр байкагандай, өлкөдө ички саясий кырдаал турукташып, саясий процесстер конституциялык талаага тезинен кайтып келди. Бийликти өткөрүп берүү процедурасы Конституциянын ченемдерине ылайык тынчтык жолу менен өткөнүн баса белгилейм", — деди Жапаров.

Президенттин милдетин аткаруучу соңунда бийлик легитимдүү экендигин жана мамлекетте коомдук-саясий кырдаал толук турукташты деп ишенимдүү айта аларын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости