www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт элден жана мекеме-уюмдардан республикалык бюджетти колдоо үчүн түшө турган акча каражатын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу үчүн жалпы мамлекеттик депозиттик эсеп ачууну көздөп жатат. Бул тууралуу маалымат Өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ыдайык, эсепти Финансы министрлиги Бирдиктүү казыналык эсептин алкагында ачат.

«Юридикалык жана жеке жактардан ыктыярдуу негизде түшүүчү акча каражаттарын, ошондой эле кызматтык жана экономикалык кылмыштар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында укук тартибин коргоо органдарынын депозиттик эсептеринен которулган акчаны жалпы мамлекеттик депозиттик эсепке чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу тартибин жөнгө салат», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражат үчүн депозиттик эсеп 2018-жылы ачылган.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын октябрь айында Кыргызстанда өлкөнүн тышкы карызын элден чогулткан акча менен төлөө үчүн «Элдик кенеш» деген коомдук кыймыл түзүлгөнү маалым болгон. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости