www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө азык-түлүк кымбаттады

Өлкөнүн аймактарында азык-түлүккө болгон бааларга анализ жүргүзүлүп, ага ылайык, айрым тамак-аштын баасы жогорулаган. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министрликтин аймактар аралык башкы башкармалыгы Бишкек шаарындагы жана өлкөнүн облустарындагы базарлардагы азык-түлүктүн баасына анализ жасаган.

5-ноябрдан 19-ноябрга чейинки анализге ылайык, кумшекер жана өсүмдүк майына болгон баалар өскөн:

Бишкектеги базарларда кумшекердин баасы 50-52 сомду түзүп, өзгөрүүсүз бойдон калган. Ал эми Кочкор районунда, Кара-Балта, Каракол жана Чолпон-Ата шаарында кумшекерге болгон баа 1 сомго көтөрүлүп, 48-50 сомду түзгөн.

Бишкек шаарында 1 литр өсүмдүк майы 103 сомдон 130 сомго чейин сатылып, эки апта аралыгында 5 сомго жогорулаган. Мындан тышкары Ош шаарында жана Кочкор районунда да өсүмдүк майынын баасы 5 сомго көтөрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости