www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө ыкчам каржылоо зарылдыгына ээ болбогон чыгымдар убактылуу токтотулат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов "КРдин 2021-жылга карата республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралган кеңешмеде билдирди.

"Учурдун талаптарын эске алуу менен 2021-жылга бюджеттин айрым параметрлерин өзгөртүүгө туура келип жатат. Анткени быйыл республикалык бюджеттин кирешеси пландагандан төмөн болгондуктан, бюджет тартыштыгы 7 миллиард сомду түзөрү күтүлүүдө. Ошондуктан биз кийинки жылдагы айрым чыгашаларды кыскартууга аргасызбыз", — деген Боронов.

Ал Финансы министрлигине бир ай ичинде министрлик жана ведомстволордун зарыл деп эсептеген чыгымдарын карап чыгууну тапшырган.

Муну менен бирге бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча жаңы инструменттерди карап чыгуу керектигин, бул негизинен бажы жана салык кызматтарына тийиштүү экендигин айткан.

"Фискалдаштыруу мамлекеттик органдардын ишине жана бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга гана жардам бербестен, ишкерлердин да жумушун жеңилдетет. Бул чаралар 2020-жылы пандемия шартында да жакшы жыйынтыктарын берди. Маселен, Салык кызматы ай сайын планды 1 миллиард сомго чейин аткарууда. Бизде мындай пландар көп, алардын негизги бөлүгүн 2021-жылы ишке ашырышыбыз керек", — деген өкмөт башчы.

Боронов бюджет үчүн бажы тутумундагы пайдалуу программаларды да белгилеп өткөн.

"2021-жылга 30 миллиард сом чогултууну пландап жатабыз, ал ички мамлекеттик инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга багытталат. Андан тышкары 1,9 миллиард сомдук мамлекеттик бюджеттик резерв түзүлгөн, бул каражат пландаштырылбаган чыгымдарга багытталат", — деген премьер-министр.

Белгилей кетсек, Боронов 2021-жылы өлкө тышкы карыздарды төлөө боюнча пикке жакындай турганын жана аны реструктуризациялоо боюнча иштер улантылып жаткандыгын эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости