www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө Кавасаки синдрому катталган учурлар болгон жок

Кыргызстанда Кавасаки синдрому катталган жок. Бул тууралу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, министрлик балдардын арасында СOVID-19дун алдын алуу жана дарылоо боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүүдө.

Маалым болгондой эле дарылоонун клиникалык протоколунун 4-версиясына балдарда СOVID-19 коронавирус инфекциясы менен ооругандан кийин өрчүп кеткен мультисистемалык сезгенүү синдромун (Кавасаки) аныктоо боюнча суроолор жана диагнозун коюу критерийлери киргизилген.

Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо медициналык институтунун жана Түштүк филиалынын базасында онлайн тартипте СOVID-19га чалдыккан жана оорусу өрчүп кеткен балдарды дарылоо боюнча окутуулар жүрүүдө.

Белгилей кетсек, оорусунун профили жана абалынын оордугу боюнча балдар Бишкекте "Эне жана баланы коргоо" борборунда дарыланууда, ал 579 орунга ылайыкталган, анын ичинде 253 койка педиатриялык профилде. Бир жылдын ичинде борбор 178 миңден ашык балага кеп-кеңешин берип, 19 миңден ашык бала стационардык түрдө дарыланат.

Тоголок Молдо, 1 дареги боюнча корпусунун базасында COVID-19га шектүү болгон балдар үчүн кошумча бөлүм ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Ошондой эле жугуштуу оорулар ооруканасында инфекциялык оорулары менен келген бейтаптарды, анын ичинде балдарды жаткыруу кайра жанданды, койкалардын жалпы саны – 400. 100 койкага ылайыкталган жаңы корпус курулууда, анын ичинен 30 койка – реанимациялык, жугуштуу оорулар көбөйгөн учурда, ошондой эле COVID-19 менен келген балдар үчүн кошумча орундар ачылат.

Эске салсак, Шаардык тез жардам балдар ооруканасы бүгүнкү күндө соматикалык жана хирургиялык профилдеги балдарды кабыл алууда, КРВИ көбөйгөн мезгилде кошумча 200 койка ачуу пландалууда. Ал эми COVID-19 менен ооруган балдар үчүн Кыргыз-Түрк достук ооруканасында, облустук жана аймактык ооруканалардын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, жаңы салынып жаткан жугуштуу оорулар ооруканаларында кошумча орундар каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости