www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зайнидин Курманов, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери: “Мекеним Кыргызстан” партиясынын шайлоо алдындагы программасы олуттуу”

Тарых илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Зайнидин Курманов социалдык тармактагы баракчасына партиялардын программалары боюнча көз карашын жарыялады. Профессор башка партиялардын арасынан “Мекеним Кыргызстанды” өзгөчө белгилеп, парламенттик жарыштын фаворити катары сыпаттады.

--“Мекеним Кыргызстан” партиясынын шайлоо алдындагы программасы мени таң калтырды. Аталган партияны социалдык тармактарда тепкилебеген адам калган жок. Эринбей окуп чыгыңыздар. Бул социалдык-либералдык идеологияны камтыган максаты анык программа. Партиянын планы алдыдагы 5 жылдыкты гана эмес, андан аркы мезгилди да камтыган. “Мекеним Кыргызстан” партиясы өзүнүн убадаларын гана эмес, жаңы саясий багытты элге сунуштады. Эң башкысы чар жайыт, бири-бирине байланышы жок башкалардан уурдалган идеяларды алып чыккан жок.

“Мекеним Кыргызстан” партиясы КМШ мамлекеттер арасында миңдеп саналган катардагы саны бар сапаты жок партия эмес, заманбап идеологиясы бар, жарандарга камкордук көргөн, алардын укугу, эркиндиги маанилүү болгон партия боло алды.

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын шайлоо алдындагы программасында көз караштардын системасы орун алган, “жапайы капитализмдин” ордуна “социалдык капитализмди” курууга умтулган идеологиялык партия.  

Партиянын программасындагы адам укуктары, жарандык коомдун, бизнестин өнүгүүсү, калкты социалдык колдоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү, башкаруу, аймактардын өнүгүүсү, экономикалык саясат жана башка адамзаттын маанилүү көйгөйлөрүн чечүү жолдору дал ушул социалдык либерализм идеологиясынан келип чыккан. ЕАЭСтин алкагында Евразиялык интеграция маселесине чоң маани берилген. Анткени бизде башка цивилизациялык альтернатива жок. Европа биримдиги да НАФТА да бизди күтпөйт. Албетте Кытай, Иран, Афганистан, Пакистан же Индия менен интеграциялашуу маселесин карап көрсө болот.

Бул партиянын талапкерлери Жогорку Кеңешке келип калса программасын ишке ашырууга киришүүсүн абдан каалайт элем.

Зайнидин Курманов, тарых илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости