www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө көмүскө экономиканын деңгээли 30 пайызды түзөт

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңеш “Экономикалык амнистия боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун карап, экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөттү.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Гүлшат Асылбаева экономикага зыян келтиргенин моюнуна алып, анын ордун өз ыктыяры менен толтурган адамга карата коомдун мамилесин өзгөртүү максаты коюлуп жатканын айтты.

Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев мыйзамдын негизги максаты каражат түшүрүп калуу эмес, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу экенин билдирди.

Мыйзам кабыл алынса Жазык кодексинин 15 беренесине өзгөртүү киргизилип, чыгымды төлөп бергендер камакка алынбайт, салык төлөөдөн качуу, аткезчилик, мүлккө байланыштуу алып-сатуудагы мүчүлүштүктөр сыяктуу иштер экономикалык кылмыш деп эсептелет.

Парламенттин жыйынында айтылгандай, Кыргызстанда көмүскө экономиканын деңгээли 30 проценттин тегерегинде болууда.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости