www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лавров: “АКШ Сирияда кооптуу оюн ойноп жатат”

АКШнын Сирияга карата жасаган инвестицияларын сындаган Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров бул инвестициялардын Сирия элине түздөн-түз терс таасир берерин айтты. “Сирия маселесинин үстүндө Астана форматынын алкагында түрк жана ирандык өнөктөштөр менен интенсивдүү иш алып баруудабыз” деген Лавров: “Евфраттын чыгышындагы абал кооптуу, ал аймакка мыйзамсыз түрдө  жайгашкан америкалык аскерлер тилекке каршы күрттөрдү өкмөткө каршы үндөп, алардын сепаратисттик тенденциясын ачык түрдө кубаттап жатат”, - деди.

Муну менен катар АКШнын “Күрт жетекчилери менен түзгөн мунай келишими эл аралык укук принциптерин одоно бузганын” айтып, АКШнын Сирияда коркунучтуу оюн ойноп жатканын белгиледи. Ливия тууралуу да сөз кылган Лавров: “Жакшы натыйжага жетерибизге аз калды деп ойлойм. Бул процессти дайым колдойбуз”, - деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости