www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Сычуань провинциясында математика мугалими башталгыч класстын окуучусун эки суроосуна туура эмес жооп бергени үчүн аяоосуз сабап салган. Бул тууралуу Oriental Daily кыздын үй-бүлөсүнө шилтеме аркылуу жазды.

Маалыматка таянсак, окуя болгон күнү, 10-сентябрда Кытайда мугалимдер күнү белгиленген. 10 жаштагы окуучу кыз мектепке мугалимдерди куттукттуктап гүл көтөрүп келген.

Болжол менен саат 10дор чамасында кыз математика мугалиминин берген сурросунун экөөсүнө жооп бере албай калган. Мугалим туура эмес жооп үчүн жаза иретинде кызды чөгөлөтүп отургузуп алып, кулагынан тартып, башына ура баштаган.

Жабырлануучунун ошол эле класста окуган эгиз-эжесинин айтымында, мугалимдин жазасынан улам сиңдиси ордунан тура албай,  отурган партасына классташтарынын жардамы менен гана жеткен.

Арадан 3 саат өткөндөн кийин мугалим жабырлануучу кыздын чоң апасына телефон чалып, небереси өзүнү жаман сезип жатканын кабарлап, мектептен алып кетүүсүн айткан. Мектепке келген кезде, небересинин көзүн ача албай, сүйлөй албай жатканын көрүп, токмок жеген кызды ооруканага жеткирген. Бирок, окуучу алган катуу соккудан улам ооруканада каза болгон.

Чоң апасынын айтуусу боюнча, небереси математика агайы физикалык жактан күч колдонуп жазалаган учурлары болгонун айткан. Мындан улам кыз ал агайдын сабагына катышуудан жүрөксүнүп калган кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости