www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын жыйынында депутат Алиярбек Абжалиев өкмөт башчыдан өлкөдө өзгөчө абал киргизүү боюнча пикирин сурады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаал жарыялоонун мыйзамдагы шарттарына токтолуп, маселе бүгүн чечилерин билдирди.

“Өзгөчө кырдаалды киргизүүдө мыйзамдын шарттары бар. Мисалы, облуска киргизиш үчүн эки райондө өзгөчө абал болушу керек. Республикага киргизиш үчүн эки облуска өзгөчө абал киргизилиши керек. Кандай формада болот, азыр чечели деп жатабыз”,-деди премьер-министр.

Ноокат райондук администрациясынын башчысы Давранбек Маматалиевдин буйругу боюнча Ош облусунун Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Буга чейин Жалал-Абаддын Сузак районундагы үч айылга киргизилген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирустун жаңы үч учуру катталганы 20-мартта жарыяланды. Ооруга чалдыккандар Ноокат районунда аныкталып, алар да Сауд Арабиясына умрага барып келгени белгилүү болду. Кыргызстанда коронавируска үч киши чалдыкканы тууралуу алгачкы маалымат 18-мартта чыккан. Ага ылайык, үчөө тең Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып, 12-мартта Шаржа-Бишкек аба каттамы менен кайтып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости