www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1-майда кыргыз-казак чек арасындагы «Акжол-автожол» өткөрмө бекети аркылуу өлкөдөн 10 жаштагы кызды чыгарып кетүүгө аракет кылган Испаниянын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Маалыматка караганда, документтерди текшерүү маалында Испаниянын 1968-жылкы жараны шек жараткан. Ал берилген суроолорго жооп бербей, өзү дагы, кыз дагы орусча билбей турганын айткан.
«Бирок чек ара кызматкери кыздан орусча билесиңби деп сураганда ал ооба деп жооп берген. Териштирүүлөрдөн кийин буга чейин кыздын апасы ал жоголуп кеткендигин айтып, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылганы аныкталды», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Мекемеден билдиришкендей, Испания жаранынын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынып, ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди, деп жазат Борбордук Азия жаңылыктары.
Булак: NazarNews.kg