www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын жети айында 97,5 миң тонна баалуу металл концентратын жана рудасын чет өлкөгө экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт.

Буга чейин ЖК депутаты Аккулу Бердиев былтыр ноябрда "Эркеч-Там" бажысынан кармалган 17 фура алтын концентратын "Достук" (Өзбекстан менен чектешет) посту аркылуу Кытайга чыгарып кеткенин билдирген. Концентрат ташыган компанияга Финпол тарабынан кылмыш иши козголгонуна карабай "Гик Кайди" компаниясы лицензиясын жаңылап алганына нааразы болгон. Ал эми Бажы кызматынын башчысы 17 фура эмес, 14 контейнер болгонун белгилеп, мында мыйзам бузуу болбогонун айтты.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан Статкомдун концентрат боюнча соңку маалыматтарын (январь-июль) карап чыкты.

Ага ылайык, быйыл жети айда 97 миң 447,5 тонна баалуу металл рудасы жана концентраты экспорттолгон. Аталган жүк 66,6 миллион долларга бааланган. Бирок металлдардын кайсы түрү чыгарылып кеткенин бөлүп көрсөткөн эмес. Былтыр ушул эле мезгилде 143 миң тонна чыгарылып, баасы 86,2 миллион долларды түзгөн.

Быйыл январь-июнда руда, концентраттар төмөнкү өлкөлөргө чыгарылган:

Казакстан — 93 миң 648,2 тонна;

Түркия — 2 миң 291,6 тонна;

Кытай — 1 504,9 тонна;

Канада — 2,8 тонна.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости