www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков отставкага кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып, шаардыктар менен депутаттарга кайрылды.

"Урматтуу, Нарын шаарынын депутаттары, тургундары! Сиздердин ишенимиңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Үч ай ичинде Нарын шаарынын жашоосун ыңгайлуу болушуна колуман келген аракетимди жумшадым. 100 күндүк ишим тууралуу отчет тапшырдым. Тилекке каршы, акыркы жагдайга карата моралдык жактан кызматымда калуу туура эмес деп ойлойм", — деп жазды Болотбеков.

Ошондой эле ал бул аралыкта кылган иштери тууралуу чакан видео жарыялады.

Эске салсак, УКМК былтыркы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаты мандатын убадалап 300 миң доллар алган деген шек менен "Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, экс-депутат Руслан Чойбековду 16-сентябрда кармаган. Бул иш боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнө ("Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосун") ылайык өндүрүш ачылып, Чойбеков тергөө абагына киргизилген.

Ал эми 18-сентябрда аталган кылмышка катыштыгы бар деген шек менен шайлоодо "Кыргызстан" партиясынан талапкер болгон, андан кийин Нарындын мэри болуп дайындалган Самарбек Болотбеков кармалган болчу. Ал эми 21-сентябрь күнү сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости