www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Джо Байден COVID-19 вирусуна каршы вакцинанын үчүнчү дозасын алды. Ал америкалыктарды эмдөөгө активдүү катышууга үндөдү.
Today I got my COVID-19 booster shot—and just like my first and second dose, it was safe and easy.
— Joe Biden (@JoeBiden) September 27, 2021
Get vaccinated. Together, can we save lives and beat this virus. pic.twitter.com/gtNAQqmOoj
«Бустер ыкмасы менен эмделүү өтө маанилүү, биз калкты жапырт эмдөөгө тийишпиз. Вакцинадан качкан азчылык коомчулукка эсепсиз кыйынчылык алып келүүдө», - деди президент Байден.
Америкалыктардын төрттөн үч бөлүгү вакцинанын биринчи дозасын алышты. Бул өлкөдө 12 жаштан 65 жашка чейинкилер коронавируска каршы эмделиши керек.
АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору Pfizer компаниясы өндүргөн вакцинаны үчүнчү доза катары өлкөнүн жашы улгайган, медициналык кызматкерлер жана 50-64 жаштагы ден-соолугунан жабыркагандарга сунуштап жатат.
Байдендин айтымында, болжол менен 60 миллион америкалык жаран үчүнчү доза менен эмделиши керек. Азыркы тапта бул сан 20 миллионго жетти.
Эске салсак, 78 жаштагы АКШ лидери коронавируска каршы 2020-жылдын 21-декабрында биринчи доза менен эмделип, быйыл 11-январда экинчи дозасын алган.
Америкада азыркы тапта коронавирус жуктурган жана андан саламаттыгы начарлап, өлүмгө учурагандар эмделбегендер арасында экенин дарыгерлер белгилеп жатышат.
Булак: NazarNews.kg