www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда ооруканаларга COVID-19дун орточо оор жана айрым учурда өтө оор формасына кабылгандар түшүп жатат. Көбүнесе мындай кырдаалга үй шартында өз алдынча дарыланган бейтаптар туш болууда. Бул тууралуу вице-премьер Артем Новиков билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, ал бүгүн коронавирус жуктургандар үчүн 7-апрелден тарта кошумча 110 орун даярдалган Улуттук госпиталдын жугуштуу оорулар боюнча бөлүмүнө барды. Ал жактан дары-дармек жана медиктердин коронавирустун божомолдонуп жаткан үчүнчү толкунуна даярдыгы боюнча маалымат алды.

«Биздин милдет - оорулуулардын абалынын начарлап кетишине жол бербөө. Учурда ооруканаларга COVID-19дун орточо оор жана айрым учурда өтө оор формасына кабылгандар түшүп жатат. Көбүнесе мындай кырдаалга үй шартында өз алдынча дарылангандар туш болууда. Келгиле, бири-бирибизди сактайлы. Ооруканаларда керебеттердин, Тез жардам бригадаларынын санын көбөйтүп жатабыз. Дары-дармектер жетиштүү. Катаал чектөөлөр киргизилбейт, болгону жарандардан жоопкерчиликтүү мамиле гана керек», - деди Новиков.

Маалыматка караганда, божомолдонуп жаткан үчүнчү толкун учурунда зарыл болуп калса республика боюнча кошумча 11 237 орун ачылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости