www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул турмушта кыргыз көрбөгөн эч нерсе деле калган жок. "Демократияга жол ачат" - деп парламенттик башкаруу системасында 10 жылдан ашуун өмүр кечирдик. Болбоду... Көрсө айрым адамдар парламенттик системаны бизнеске айлантып партиялык тизмеден орундарды кудум базарда буюм соодалагандай сатып кызыл кулактыктын туу чокусун көрсөтөт экен. 
Анысы ал болду. Бирок, жоопкерчиликке келгенде "төө көрдүңбү жок, бээ көрдүбү жок" таризинде баары четке чыга берет. Парламенттик башкаруу билими жок  болсо да "капчыгы калыңдардын" жогорку бийликке келүүсүнө   шарт түздү. "Ток этер жерин" айтканда кыргызга жарашпады. Кабылдама катчылар башкы прокурор, жансакчылар ИИМ министри болду.

Ошентип, кадр саясаты, кадыр саясатына айланды. Парламенттик фракциялар бийликти кудум тойдо жилик бөлүштүргөндөй эле бөлүп алып, ары тарт бери тар бөрү заман башталды. Мындай башаламандыктын акыр аягы 4-октябрдагы элдик толкундоолор менен аяктады. Негизи "кеңешип кескен бармак оорубайт" дегендей парламенттик башкаруу эң туура жол. Болгону, кыргыз коомчулугу, элитасы али бул жолго даяр эмес экенин көрсөттү. 

Эч нерсе эмес, ага убакыт керек... Парламенттик башкаруу менен өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн тарыхын карасак, аларда бул система узак жылдар бою калыптанганы күбө болобуз. Андыктан "бир кадам артка, эки кадам алдыга" - деген сөздү пир тутуп Кыргызстан күчтүү президенттик башкарууга кайтып барганы жөндүү. Муну бийлик өкүмдарлары өзүм билемдик кылып чечип койбой, жалпы элдин элегине салып турганы жөндүү иш болду.

Демек, кандай башкарууну каалайт? Кандай өлкөдө жашагысы келет? Баары элдин тандоосуна байланыштуу. 11-апрелде ар бирибиз жоопкерчиликти сезип өлкөнүн келечегин тандайлы. Бир добуштан эч нерсе өзгөрбөйт деген ойго жеңдирип референдумга келбей койгондон алыс бололу! Ишенели! Ар бир добуш алтындан да кымбат! Кайдыгер болбой туура жолду тандап алууга өз салымыбызды кошолу!

Умарбек Анарбаев, Талас облусу

Последние новости