www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Улан Жумаков колдонуудагы мыйзамдар жана бюрократия милиция кызматкерлерин уурдалган Айзада Канатбекованы өз убагында сактап калууга жолтоо болду деп коңгуроо какты.

Анын айтымында, оор кылмыштар үчүн ыкчам кызматтын кызматкерлерине уюлдук байланышка чыгууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек. Бул бюрократия ыкчам кызматтын кызматкерлеринин колун байлап жатат. Алар тергөө кызматынын буйругу жок эч нерсе жасай алышпайт. Протокол жок эч кандай документ түзө алышпайт.

Тергөө боюнча тапшырма алып же тергөөчүнүн өзү келмейинче, жадагалса окуя болгон жерге текшерүү да жүргүзө албайт. Буйрук келишин күтүп отуруу керек болот. Тергөөчүлөр болсо кодекстерге өзгөртүүлөр киргизилгенден бери ар биринин иштери көбөйдү.

Ошондой эле уюлдук компаниялардан тиешелүү маалыматты алуу үчүн соттун санкциясын алуу керек. Мындан сырткары прокурор кол коймоюнча, ишти сотко өткөрүү кыйын. Ал убакта кылмышкерлер көздөгөн максатын толугу менен ишке ашырганга жетишет. Бардык кодекстер жана мыйзамдар көптөгөн бюрократияны пайда кылды.

Мындан сырткары ал Айзада Канатбекованын өлүмүн ата катары жан дүйнөсү эзилүү менен кабыл алганын билдирип, анын жакындарынан, ата-энесинен аны сактап кала албагандыгы үчүн кечирим сураган.

Дегеле Айзаданын өлүмү социалдык тармакты жарып, чоң талкууну пайда кылды. Кечээки окуя бул кылмыш, эки бутту айбандар алып келген апаат! Адам өлтүрүү, уурдап-тоноо, денеге залал тийгизүү ж.б кылмыштар күн сайын болуп жатат. Мындай пикирин журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Алдын ала кечирим сурайм, бирок мен бир нерсени байкадым. Айзаданын аянычтуу аяктаган тагдыры, жүрөгү таза адамдар үчүн кайгы болду. Дагы бир топтогу адамдар үчүн, саясат болду. Алар митингге чыгып алып, «кетсин, ордун бошотсун, анын ордуна Баланча Баланчаев татыктуу» - деп өзүнүн таанышын учурдан пайдаланып кызмат ордуна сунуштаганга үлгүрүштү. Алар, митингге жан дүйнөсү өрттөнүп келгендерге аралашып кетишти. Дагы бирөөлөр, шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлер кыйыр үгүт кылышты чыгып алып. Хайп жасагандарды дагы көрдүк! Мурдатан шылтоо болсо эле кыйкырып чыккандар, «биз аялдарды коргоп митинг кылганда сындадыңар эле» - деп айтып, жазып жатышат. Бирок, аялдардын укугун - агрессивдүү, эркектерди жек көргөн, бир жыныстуулардын никесин жактаган, үй-бүлөөлүк бүтүндүк түшүнүгүн кабыл албагандар кантип коргодук деп айта алат? Алар, коомго агрессия жана жек көрүү, түшүнүктөрдүн кагылышын эле жаратып жатпайбы?! Үй-бүлөөлүк баалуулуктарды четке кагып, «турмушка чыкпайм, келин болбойм, төрөбөйм» - дегендер, кызды уурдап кетип, өлтүрүп койгон мыкаачылардай эле зыяндуу. Канкорлордон кыздарды кандай коргоо зарылчылыгы болсо, ушул типтеги бузуку, агрессивдүү топтордон дагы ошондой эле сак болуу керек. Алардын максаты такыр башка, керек болсо ушундай инцидент үчүн кубанышса керек, «ох, шылтоо табылды, кеттик көчөгө» - деп. Кечээки окуя бул кылмыш, эки бутту айбандар алып келген апаат! Адам өлтүрүү, уурдап-тоноо, денеге залал тийгизүү ж.б кылмыштар күн сайын болуп жатат. Бул жарыкчылыкта, пенделер акыреттен коркпой, акмакчылык кыла берет турбайбы, тилекке каршы. Пенделик кызыкчылыгыңардын тарабында туруп алып, ушундай кырдаалдан, бир үй-бүлөөнүн кайгысын тартып кетип, түрдүү саясат, өз кызыкчылыгыңар үчүн ары-бери чойгулай бергенден уялбайсыңарбы?!», - деп белгиледи ал.

Ошондой эле активист Гүлжигит Исаков өзүнүн пикирин төмөнкүчө ырастайт.

-- Бейөкмөт уюмдардын айрымдары УЛУТУБУЗДУ УЛУТТУК БААЛУЛУКТАРДАН мүмкүн болушунча алыстатып, анын кесепеттеринен деле саясат жасай беришет...

Милициянын бөлүмүнө барып калдым. Жаш эле эне өспүрүм уулуна  педофилия менен шугулданган эки жигиттин үстүнөн арызданыптыр.  Ошол эки жигитти коргоп, укук коргоочуларбыз деп овчаркадай немелер жетип келе калышыптыр. Милиция кызматкерлери кадимкидей эле тайсалдайт. Камабайсыңарбы тиги эки жигитти десем, колу-бутубуз тушалуу дешет...Улуттук Баалулуктарды  талкалоо  көп деңгээлдүү, көп тепкичтүү жолдор менен ишке ашып келүүдө. Адамзаттык баалулуктарга туура келбеген пас идеологияны таңуулаган уюмдарга тыюу салган Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдө калктын саны жакшы эле өсүүдө.

"Чай куйбайм", "Өзүмдүкүнө өзүм ээлик кылам", "Перформанс" сыяктуу  акциялары менен ыймандуу аялзатыбызды  "овчаркаларга" айланткан феминисттер, либерасттар, ЛГБТчылар Улутубуздун түбүнө жеткени калышты...

Бир жактан экономикалык чабуул. Башка жактан Улутту деградацияга учуратуу, элдин аң-сезимин бузуу, билим берүүнү талкалоо буларда ийгиликтүү жүрүп жатат, тилекке каршы...Калктын санын азайтуу үчүн  түрдүү  сценарийлер иштеп жатат...

2000-жылдардын башында "үй-бүлөнү пландоо" деген атты жамынып алышып, деструктивдүү иштер алынып барылган...Кош бойлуу аялдарды кесарево жолу менен төрөтүү үгүттөлүп, операция жасагандарга акчалай колдоо көрсөтүлүп турган. Бул дагы калктын санын кыскартуунун кескин жолу. 5-10ду төрөйм дегендер 3 менен чектелип калышкан (ошол кездин медицинасы менен)...Кудай берген ырыскыга  эч ким тоскоол боло албайт. Адамдардын  санын түрдүү жолдор менен кыскартабыз деген Иблистин достору Жараткандан орун талашпай эле коюшсун...Шайтандардын жана аларга кызмат кылгандардын бир  планы болсо, Жараткандын дагы планы бар дегендей... Ал план түзүүчүлөрдүн ЭҢ МЫКТЫСЫ! – дейт Исаков.

Ошентип, каргашалуу болуп өткөн окуяга Ички Иштер министри Улан Ниязбековду күнөөлүү кылышып, айрымдары Өкмөттү беттен алды. Чынын айтканда Айзаданын өлүмүнө Улан Ниязбеков же кимдир бирөө күнөөлүү эмес! Ага Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Улан Жумаков айткандай, милициянын колу-бутун байлап салган Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрү чыгарган МЫЙЗАМДАР күнөөлүү! Так ошол тагдыры тайкы мыйзамдарды колдогон Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрү жоопко тартылышы зарыл!

Эми жалпак тил менен жазылган мыйзамдар тууралуу айтсак мурдагы президент Атамбаевдин учурунда 33 млн еврого жазылган. Мыйзамы “покко” жарабаган ашкабактардын жазган кодекстери милицияны - опер кызматкер, участкалык милициянын кызматын “Почтальон Печкин” кылып коюшкан. Милицияны “тигини алып кел, кармап кел” деп, тергөөчү кагаз бермейинче бир дагы иш жасай албай милиция байкуш болуп эшикте күтүп турат.

Эгерде сиз айдоочу болсоңуз мас абалыңызда же баңгизатты чегип МАИчилердин туткунуна түшүп калсаңыз, сизге 17 500 сом айып салынат. Демек, наша чеге бергиле! – дегениби?

Кыскасын айтканда милициянын гана эмес, соттордун башын айланткан мыйзамды “жиндилер” жазган, Жогорку Кеңештин “маңкурттары” колдоп берген.

Ошондуктан маселе мыйзамда экенин түшүнүп, “кетсинизм” ураанын кыргыз эли токтотуп, азыркы бийлик “жиндилер” жазган мыйзамды тез арада жокко чыгарбаса иштин чатагы чыгып, сүйүшкөндөрдүн “пачагы” чыга берет, чыга берет жана да чыга берет! Бийлик дагы беш көгүштүн бакырыгына ишенип, тарс этип диванга кулап калбай, мыкты кадрларды сактап калышы керек! Беш көгүштүн бакырганы 6 миң кыргыздын тагдырын чечпейт! Ал эми Айзаданын сырдуу өлүмүн ИИМ эми намыс үчүн дагы коомчулукка ачыкка чыгарышы мүмкүн. Жигиттин өлүмүнө келе турган болсок, ал өзүн-өзү бычактаганы чоң "бакыйган" суроону жаратат...аны менен бирге коомчулук арасындагы талашып-тартышуу азырынча бир тараптуу...болуп өткөн кандуу окуя эки адамдын ортосундагы гана чыр эмес...Эми коомчулукту дүрбөлөңгө салган трагедиянын чын бышыгын талдоо үчүн министр Ниязбеков үйрөнчүк күчүктөрүнө таштап койбой, дасыккан, кыраакы тергөөчүлөрдү ишке салышы керек жана зарыл.

(Эскертүү: Улан Жумаковдун кыргызчаланган маалыматы maralfm.kg сайтынан пайдаланылды)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости