www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Күн тартибине ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылдын 25-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Протокол талкууга алынды.

Камчыбек Ташиев белгилегендей, Протоколдо көрсөтүлгөн бардык чечимдер эки өлкөнүн мамлекеттик кызыкчылыктарын эске алуу менен чечилген.

"Бардык чечимдер мамлекеттин, чектеш аймактарда жашаган жарандардын кызыкчылыгы үчүн кабыл алынууда жана мындан ары карай да кабыл алынмакчы. Протоколдун ар бир пункту талашка түшүп, көптөгөн күч-аракеттер аркылуу гана мамлекеттик жерибиздин ар бир метрин жактадык. Учурда эл арасында толук маалыматка ээ болбостон, талдоого албастан мени сынга алгандар болууда. Мен, өкмөттүк делегациянын башчысы катары, өзүмө чоң жоопкерчиликти алдым жана убакыт бардыгын өз ордуна коюп, кезинде бул тарыхый чечим болгондугун айтышат", - деди Камчыбек Ташиев.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары аталган протокол боюнча маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын күчтөндүрүүсү зарыл.

"Жер-жерлердеги жарандарга так маалымат жетпей жатат. Мен бардык региондорду кыдырып чыктым, бирок бул жетишсиз, ар бир адам менен жолугушуп, жеткиликтүү тил менен протоколдун ар бир пунктун түшүндүрүү керек. Маалымат калкка толук жеткирилгенде гана кабыл алынган чечимдердин акыйкаттыгына шек жаралбайт", - деп билдирди өкмөттүк делегациянын башчысы.

Камчыбек Ташиев белгилегендей, кайсы тилкелер такталгандыгын картадан көрсөтүү керек.

Камчыбек Ташиев кол коюлган Протоколду келечекте ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын аткаруучулук тартибин баса белгиледи.

"Бардык тапшырмалар сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аткарылышы тийиш. Биринчи кадам жасалды, бирок алдыда чоң жоопкерчиликтүү иштер турат. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары бул маселени өзгөчө көзөмөлүнө алсын. Чек ара маселеси артыкчылыктуу каралышы кажет", - деп жыйынтыктады Камчыбек Ташиев.

Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына Протоколдун мындан аркы ишке ашырылышы боюнча, мамлекеттик чек аранын өтүүсүнүн долбоордук линиясын белгилөө боюнча талаа иштерин өткөрүүнү тездетүү тапшырмасы берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости