www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында түнкү клубдардын биринде баңгизаттарды жайылтуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Жазык кодексинин 267-беренесинде көрсөтүлгөн «Сатуу максатын көздөп баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо» жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында азиат улутундагы 30-32 жаштагы жаран баңгизаттарды сатуу менен алектенген туруктуу канал ачып алганы аныкталган.

Тинтүү иш-чараларын жүргүзүү учурунда клубдун барында диджей болуп иштеген коңшу өлкөнүн 1991-жылы туулган К.У. аттуу жараны кармалган.

Ага өздүк кароо жүргүзүүдө шымынын чөнтөгүнөн кендир жытына ээ болгон кара-күрөң түстөгү зат табылып алынган. Ошондой эле анын бөлмөсүн тинтүүдө ушул сыяктуу зат да алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иши жана аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чара улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости