www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-июнда Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалымат берип, суроолого жооп узатты.
Брифинг учурунда министрге "өзгөчө абал режими кайра кириши мүмкүнбү?" деген суроо да узатылды.
"Ар бир аймакта мониторинг жүргүзүп жатабыз. Эгер жуктургандардын саны көбөйүп, ошол жерде эпидемиологиялык кырдаал татаалдашып кете турган болсо, кээ бир мекеме-жайларды жаап, айрымдарына чектөө киргизүү боюнча штабга сунуш киргизебиз", — деп жооп берди министр.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда акыркы бир суткада 205 кишиден коронавирус табылып, жалпы саны 3356га жетти. Анын ичинен 2021и айыгып, 40 киши каза тапты.
Булак: NazarNews.kg