www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-июлда Бишкек шаарына чартердик каттам аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сатылып алынган 200 даана мобилдик кычкылтек концентратору экинчи партия катары алынып келинди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилесек, 2020-жылдын 5-июлунда биринчи партия менен 500 даана мобилдик кычкылтек концентратору алынып келген, ал эми калган 800 даана кычкылтек концентратору жакынкы арада өлкөгө жеткирилмекчи.

Кычкылтек концентраторлору ыкчам тартипте коронаривирустук инфекциядан жабыркаган жана өпкөсү кагынган жарандар дарыланып жаткан республиканын медициналык мекемелери арасында таркатылып берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости