www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арадан учак же транспорт менен өтүү үчүн иштелип чыккан алгоритмдин негизинде эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында бет кап тагынып, аралыкты сактоого тийиш.

Өкмөттүн маалымат кызматы Республикалык ыкчам штабдын жыйынында бул тууралуу кеп болгондугун айтты. Атайын алгоритмдин негизинде КРге кирип келе жатканда жүргүнчүлөрдүн дене табы өлчөнөт жана анкета толтурулат.

"Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан өтүү боюнча иштелип чыккан алгоритмдин аэропорт аркылуу учак менен келгендерге тийиштүү бөлүмү 10 күндөн кийин, ал эми чек арадан автотранспорт менен өткөндөр үчүн 2020-жылдын 26-сентябрынан, бүгүндөн тарта, күчүнө кирет", - деп билдиришкен Республикалык штабдан.

Сырттан кирип келе жаткандарда симптомдору болсо обсервацияга алынары айтылган.

"Чет өлкөлөрдөн автотранспорт менен келген Кыргызстандын жарандарында эгер алдын ала алынган полимердик чынжырлуу реакция (ПЧР)-тесттин жыйынтыгы жок болсо, экспресс-тест/ПЧР-анализ алынат. Клиникалык белгилери чыкпаса жүргүнчүлөр андан ары маршрут боюнча жүрө алышат. Оорунун симптомдору бар жарандар обсервацияга алынат. Анализдин жыйынтыгы чыкканча обсервацияда болот. Ал эми клиникалык белгилери жок жарандар 14 күн обочолонуу режимин сакташы зарыл", - деп айтылат таратылган маалыматта.

Чет өлкөлөрдүн жарандары 72 саат ичинде чыккан ПЧР-анализдин жыйынтыгы менен гана Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө уруксат берилери кабарланды.

Биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков бекитилген алгоритмди так аткаруу боюнча тармактык мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмаларды берген.

Саламаттык сактоо министрлигине бекитилген алгоритмди тиешелүү министрликтерге тааныштыруу менен иш алып баруу милдети тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости