www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстан” саясий партиясынын кайрадан жаңы лидери болуп шайланган Канатбек Исаев 2015-жылкы Жогорку Кеңешке болгон шайлоо алдында элге берген убадаларын неге аткара алышпаганын бүгүнкү болгон партиянын съездинде түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, элге берген убадалардын аткарылбай калышына Жогорку Кеңеште аталган партиянын 18 гана мүчөсү, тактап айтканда, азчылыкты түзүп калышканы себеп болуптур.   

Эске сала кетсек, 2015-жылкы Жогорку Кеңешке болгон шайлоо алдында жаңыдан гана түзүлө калган, коомчулук арасында КСДПнын “клону” атыккан “Кыргызстан” саясий партиясынын негизги урааны - “Башкалар убада беришет, биз аткарабыз!” болчу. Түй ата, күлкүң гана келет.

Эстесеңер, аталган партиянын кожоюну, айтылуу Шаки же Шаршенбек Адыкеримов оозу-мурду кыйшайбай, "Биздин партия Баткен аймагы боюнча 100гө чукул өнөр-жай ишканаларын ишке киргизет” деген. 100дү кой, андан бери Баткенде бир-эки ишкана да ачканын укпадык. Кечээ Баткендеги чек ара жаңжалында дегеле үн катып койгонго да жарыбады, өлкөнүн башкы “спиртсмени”.

Ошол эле жылдагы шайлоо алдында “2018-жылдан тарта Кыргызстанда ар бир төрөлгөн балага 50 миң сомдон сүйүнчү пулду өкмөттөн бөлдүрүп беребиз” дегени дегеле суу кечпей калды. Өкмөт “каяктагы жомокту айтпагыла, мунуңар финансылык негиздеге ээ эмес, ме!” деп койду.

Туура, сүйүнчү пул өткөн жылдын 1-январынан баштап бериле баштады, бирок кайдагы 50 миң эмес, болгону 4 миң сом.

Эми “Кыргызстан” партиясы алдыда болчу шайлоодо коомчулукка дагы кандай “лапшаларды” илээр экен?.. Күтө туралы...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости