www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-сентябрда мурунку бийлик тарабынан камакка алынып, түрмөдө 2 жыл 7 ай олтуруп чыккан "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана дал ошончо эле убакыт камакта болгон аталган партиянын мүчөсү, экс-депутат, мурунку элчи Дүйшөнкул Чотонов тарапташтарын Бишкектеги ресторандардын бирине чогултуп, чай үстүндө ыраазычылыгын билдиришти.
Ресторанга чакырылган коноктор негизинен партиянын активисттери, журналисттер жана алардын адвокаттары болгонун интернеттеги социалдык тармактарда жазышууда.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 29-августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен аталган партиянын мүчөсүэкс-министр, мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон.
Текебаев менен Чотонов «россиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.
Ал эми жогорку сот 2019-жылдын 21-августунда Текебаев менен Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган.
Булак: NazarNews.kg