www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-июнда Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы менен Көз карандысыз директорлор палатасы «Өз ара түшүнүшүү жана биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө» меморандумга кол коюшту.

Меморандумдун негизги максаты корпоративдик башкарууну жайылтуу болуп саналат. Анын алкагында эки тарап бир нече багытта иш алып барат. Алар көз карандысыз директорлорду киргизүүдө «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга ылайык ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгышып, корпоративдик башкарууну өнүктүрүү жаатында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл алууну талкуулоо боюнча коомдук угууларга катышат. Бул тууралуу Көз карандысыз директорлор палатасынын президенти Кайрат Итибаев билдирди. Ал Финансы рыногун жөнгө салуу кызматы менен дагы кандай биргелешкен аракеттерди көрүүгө ниеттенерин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости