www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британияда аял 81 жаштагы атасынан 3 жолу кош бойлуу болуп, бала төрөгөн. Ал өлөр алдында атасынын өзүнө жасаган адепсиз иш-аракеттери тууралуу күйөөсүнө айтып кеткен. Өз кезегинде күйөөсү ДНК текшерүү жасатып, натыйжасын полицияга кабарлаган. Натыйжада адепсиз кайын атасы 4 жылга соттолду.
Бул тууралуу The Sun басылмасы кабарлайт.
Каза болгон аял Ашраф Хандын 4 баласынын бири болгон. Ал Пакистанда төрөлгөн. Аял турмушка чыгар алдында атасы менен бирге Бредфорд шаарына көчүп келип, 3 баласын дүйнөгө алып келген.
1980-жылдардын башында аял бир жигит менен таанышып, турмушка чыккан. Ал мындан 25 жыл мурда өлөр алдында күйөөсүнө шумдук окуяны айтып берген. Бирок, күйөөсү дароо полицияга арызданган эмес, ал балдардын психикасын жабыркатып албоону ойлоп, аларды өз баласындай тарбиялап, өстүргөн.
Дарыгерлер балдарды текшерген кезде, алардан кан аралашуудан келип чыккан түрдүү ооруну аныкташат. Мындан тышкары, алар атасы өздөрүн дайыма урушарын айткан. Өз кезегинде бул окуя да балдардын психикасы менен ден соолугуна терс таасир эткен.
“Биз менен болгон жалгыз адам – өз атабыз болбосо да, бизди өз баласындай тарбиялаган өгөй атабыз. Биз анын бул жакшылыгын эч качан төлөй албайбыз... Бардыгы ата боло алат, бирок ал сыяктуу жакшы ата боло ала тургандар аз”, - деп балдардын бири айткан.
Булак: "Чабарман"