www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлөрүн билген 6 жаштагы кыздын каты

Алты жаштагы кыздын аты-жөнү - Елена Дессерич. Бактылуу балалыкта келатып эле бир күнү ооруп калат. Ата-энеси врачтардан мындай диагноз күткөн эмес, “мээсинде рак” деген. Кызынын өлөрүнө саналуу гана күн калганын уккан ата-энеси кызына көрсөтпөй ыйлайт.  Ата-энесин жана сиңдисин аяган кыз өлгөндөн кийин аларга кандайдыр бир жагымдуу нерсе тартуулагысы келет да аларга толтура тоголок каттарды жазат. Каттын ичине сүрөт тартат. Анан аны ар бир бөлмөдөгү болгон буюм-тайымдын (шкафтарга, китептердин арасына,  ящиктерге, папкаларга, полкаларга, коробкаларга) ичине ката берет. Дал ошол учурда бул үй-бүлө Цинциннати шаарына көчүп калышат. Ошондон улам кичинекей кыздын жазган катын, тарткан сүрөтүн убагында ата-энеси көрбөй калат. Ал тоголок каттар аябай эле кеч колдоруна тийет. Анда: "Ата, апа, сиңдим Грейс, мен силерди аябай жакшы көрөм. Менин оорулуу болуп калганым өтө өкүнүчтүү жана кайгылуу» деп жазылган. Кызынын каты Кит менен Брукту ыйлатат...

Көңүлү чөгүп калган атасы Кит Дессерич кызын мындай деп эскерет: "Елена кичинесинен эле эстүү болгон. Ал өзүнөн кичүүлөргө жардам берип, улууларды сооротчу. Ракты айыктырчу дары эч жерде жок экен да, аябай издедик, таппадык. Бирок, акыркы мезгилде кызыбыз билип калган. Анткени Елена акырындап күчүн жоготкон. Алгач үнү чыкпай калды, анан паралич болду. Ошондой болсо да ал өзү үчүн кайгырбай, «мен жок кантет?” деп сиңдиси үчүн кайгырган”. Елена аябай боорукер кыз болчу.
Еленанын ата-энеси кызынын урматынан кайрымдуулук фонд ачып, рак болуп ооруган  балдарга жардам берип келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости