www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлүп тирилген келин...

Талас жергесинин тургуну, жетимиш жашка таяп калган Жыпар эже өзүнүн башынан өткөн мындай окуяны айтып берген эле. Жыпар эже кичинесинде агасы экөө ата-энесинен жетим калып, балдар үйүнө жиберилген. Кичинесинен Жыпарды балдар үйүнөн балага зар болгон бирөөлөр багып алган экен. Бөтөн үйбүлөдө чоңойгону менен эч нерседен кем-карч болбоптур. Багып алган ата-энеси аны кирпигине чаң жугузбай өз кызындай кылып чоңойткон. Өзү асыранды кыз экенин билген эмес. Он сегизге чыкканда турмушка чыгат. Бир кыздуу болуп, кызы кичине чоңойгондо колхозго кирип иштеп калат. Иштеп жүргөн күндөрдүн биринде ойго келбеген окуяга кабылат.

Күндөгүдөй эле иштеп жүргөндө түшкү тамакка үйүнө келип, чай кайнаганча жата турайын деп, ошол бойдон көзү илинип кетет. Уйку-соонун ортосунда жатканда кара кийиимчен бир киши аны жетелеп белгисиз жакка ээрчитип кетет. Аны ээрчип тепкич менен ылдый түшүп отуруп, тоннелге киришет, тоннель менен кетип баратып бир чоң бөлмөгө туш болушат. Биринин артынан бири тизилген көп эл кезекте турушуптур. Ак кийинген кишилер кезекке турган адамдарды бирден өткөрүп, сурак жүргүзүп жатыптыр. Ал да кезекке туруп, өзүнүн кезеги жеткенде кимдин кызысың, аты-жөнүң ким деп сурашат. Баланчанын кызымын дегенде, сен анын кызы эмессиң, эмне калп айтып жатасың дешет. Сенин атың баланча, атаңдын аты баланча деп айтышат.

Ошондо өзүнүн чыныгы атын, баккан атасы эмес, тапкан атасынын атын ошол жерден билет. Сурак жүргүзүп жатканда мында күнөө жок, бул сетер күнөөлүү эмес экен дешет. Сетер деген сөздү ошол жактан биринчи жолу угат. “Муну эмне эрте алып келдиңер. Мунун жашай турган күнү бүтө элек. Жаңылып алып келген турбайсыңбы. Каяктан алып келсең, ошол жакка кайра жеткирип кой” деп кара кийинген кишиге кайрылат. Кетип баратып бейиштин төрүндөй бир жерди көрөт. Топтошуп алып ойноп жаткан наристелерди кезиктирет. Көрсө, булар бул дүйнөдөн эрте кеткен күнөөсүз наристелер экен. Бейиштин кооздугуна суктанып кетип бара жатып, шагы ийилген алма бактан үч алма уурдап алат.

Бул жактагы мөмөнү жегенге укугуң жок деп, колундагы бир алманы тартып алышат. Койнунда калган эки алманы катып алып жөнөп кете берет. Кетип баратып тозокту да көрөт. Кыл көпүрөдөн өтүп баратып, откко жыгылып жаткан адамдарды көрүп, таң калат. Отко күйүп жаткан адамдарды иттер куйругун сууга малып кайра чыгарып айрымдарына чачып жатканын көрөт. Итти канчалык жакшы бакса, ал кийин тиги дүйнөдө тозок отунда күйүп жаткан суу чачып жардам берет экен дегенди Жыпар мурда уккан экен. Өзүн жетелеп кеткен кара кийимчен неме караңгы жерден чыгып, ачык жерге жетелеп келгенде эми өзүң кетип кал деп тааныш бир адамга кошуп жиберген экен. Катуу уктап кеткен турбаймынбы, бир укмуш түш көрдүм деп ал эсине келет.

Ошондо баягы Жыпардын “өлгөнүнө” эки күн болуп калыптыр. Жыйылган эл аны көмгөнү көрүстөнгө алып келип, коердо жакын кишиси акыркы жолу көрүп калайын деп бетин ачканда нары-бери кыймылдап “суу” деп жибериптир. Баягы киши “суу” деп жатат деп көрдүн ичинен бакырып чыгат. Чочулаган элдин баары кыйкырган бойдон качып кетишет. Мүрзөдө болгону молдо менен агасы калат. Молдо ошол жерден агасын жооткотуп, мындай нерселер боло берет, табыты менен алпарсак болбойт, андан көрө үйүңө барып кийиз алып кел дейт. Уйку-соонун ортосунда жаткан келинди кийизге ороп үйүнө алпарышат. Кандай кийинип жатса, ошондой кылып кайра кийинтип, ордуна жаткырып койгула деп молдо айтат. Ордуна жаткырып койгондон кийин молдо өзүнө келе албай жаткан келинден эмне сыр көрдүң, ошонун баарын айтып берчи дейт. Узак түш көрдүм деп көргөнүнүн бардыгын молдого айтып берет. Келиндин аман калганына сүйүнүшүп, мындан ары жакшылык болсун деп мал союп, азан чакырып, келинге кайра ат коет. Эл чакырып, эт тартылып, эттен калган сөөктөрдү чогултуп, бош калган көргө көмүп салышат. Жыпар эже тиги дүйнөнү көргөндө үзүп алган үч алмасынын бирөөнү алып алышканы минтип эркек бала төрөп, аным чарчап калаарын билгизген турбайбы, бир арманым эркек балага жетпей калганым деп айтып калаар эле…

Булак: "Айбат"

Последние новости