www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кумтөр" - 30 жылдан берки жөө туман, азыркы бийлик да ошол жөө туманга кайра киргизмек болду. Мындай пикирди журналист Олжобай Шакир социалдык баракчасына жазды.  

--"Кумтөр"-30 жылдан берки жөө туман! Андан канчабыздын башыбыз адашпады? Кайсы бийлик, кайсы оппозиция болбосун "Кумтөр" алтыны улут энчиси экенин сайрагандар бизди кайра эле жөө туманга жетелейт. Эй, шоркелдей, кыргыз! "Кумтөрдүн" алтынынан кымбат байлык адамдык ресурс, эркиндик, билим, илим экени мээбизге качан жетет? Качан жөө тумандан жол таап чыгабыз? Саясатчылар мээңерди тумандатып, кимиси гана оозунан шилекей чачыратпады? Элдин күкүмдөй алтындан чекеси жылыдыбы?! Буга чейинки бийликтегилер "Кумтөр" деген жөө туман жомогу менен мээбизди канча айлантса, азыркы бийлик да ошол жөө туманга кайра киргизмек болду! Ишенчээк элдин ичине дүрбөлөң салган оңой экенин качан түшүнөр экен, жолуң болгур кыргыз!", - дейт Олжобай Шакир.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости