www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

О.Э. аттуу жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка чакыруу” беренеси менен айыпталган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, Аталган жаран социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу катары өзүнүн Facebook, TikTok жана YouTube баракчаларына маал-маалы менен чагымчыл маанайдагы макалаларды жарыялап, анда бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө чакырыктарды жана массалык баш аламандыктарды уюштуруп турган.

«Текшерүүнүн жүрүршүндө О.Э.нын көрсөтмөлөрүндө массалык баш аламандыктарды жасоого, ошондой эле бийликти күч менен басып алууга жана конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырыктар бар экендиги боюнча экспертизанын корутундусу алынган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында О.Э аттуу жаран кармалып, ага кылмыш иши козголуп, андан кийин УКМКнын СИЗОсуна киргизилген», - деп билдиришти башкармалыктан.

Белгилей кетсек, кеп камактагы журналист Олжобай Шакир тууралуу болуп жатат (ред, паспорту боюнча Олжобай Эгембердиев).

Эске салсак, журналист УКМК тарабынан кармалган. Ал тартип сакчыларына жигердүү баш ийбөөгө чакырган, массалык башаламандыктарды уюштурган жана бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталууда.

Буга чейин Олжобай Шакир жарандарды митингге чыгууга чакырып, 31-августта нааразылык акциясын уюштурууну көздөгөн. Журналист Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга өткөрүүгө каршы экенин билдирген.

Булак; NazarNews.kg 

Последние новости