www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын Омбудсмени Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишин жана кыйноолорду документтештирүү боюнча кызматкерлерди сынга алды.

Омбудсмендин аппаратынын басма сөз кызматы билдиргендей, социалдык тармактарда Тажикстан Республикасы тарабынан барымтага алынып, кыйноолорго жана катаал мамилеге туш болгон Кыргызстандын жарандары тууралуу маалыматтар таралып жатат.

«Омбудсмен аппараты Стамбул протоколуна ылайык, медициналык кызматкерлердин кыйноолорду жана башка адамкерчиликсиз, катаал же кадыр-баркты басмырлаган мамилени же жазалоону документтештирүү боюнча аракетсиздигине таң калгандыгын билдирет», - деп айтылат билдирүүдө.

Ушуга байланыштуу 2021-жылы 7-майда омбудсмен аппараты КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине биздин өлкөнүн көрсөтүлгөн жарандарынын жана аскер кызматкерлеринин (кыйноо жана башка катаал мамилелер жана жазалар) денесинен жабыркаганын документтештирүүнү камсыздоо боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу тууралуу кат жөнөттү.

«Мындан тышкары, КР омбудсмен институту адам укугун бузууга жол берген кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну талап кылат», - деп белгилейт аппараттан.

Белгилей кетсек, КР Акыйкатчысы (Омбудсмен) адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин сакталышын туруктуу негизде парламенттик көзөмөл жүргүзүүчү институт болуп саналат.

КР Конституциясына жана эл аралык укуктук принциптерге ылайык, эч ким кыйноолорго жана башка адамкерчиликсиз, катаал жана кадыр-баркты басмырлаган мамилелерге жана жазалоолорго тартылбашы керек.

Бул ортодо Стамбул протоколу натыйжалуу юридикалык жана медициналык иликтөө жүргүзүү үчүн айкын жетекчилик принциптерди жана кыйноолор жана айыптоолор, сот же башка тергөө органдарына отчёт берүү үчүн атайын көрсөтмөлөрдү камтыйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости