www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дарыгер коронавирус жуктурган бейтап көп экенин, бирок ооруканалар толбогонун айтып, жаңы штамм жеңил өтөрүн кошумчалаган.

Коронавирус пандемиясы жайга барып аякташы мүмкүн. Мындай божомолун Россиянын медико-биологиялык федералдык агенттигинин башкы инфекционисти Владимир Никифоров билдиргенин "Известия" басылмасы жазды.

Медиктин айтымында, "омикрон" штаммынын пайда болушу пандемиянын аяктап калганынан кабар бериши ыктымал.

"Калктын кайсы бир катмары "омикрон" штаммы менен эч кандай белгиси жок ооруп, аны байкабай калат. Азыр коронавирус жуктурган бейтап көп, бирок ооруканалар толгон жок", — деген Никифоров.

Дарыгер бул адамдар "омикронду" "дельта" штаммына салыштырмалуу жеңил көтөрүп жатканынан кабар берерин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости