www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тартип коргоочулар тергөө амалдарынан кийин журналистти микроавтобуска салып кетишти. ИИМ расмий маалымат бере элек.

Бишкекте иликтөөчү журналист Болот Темировдун кеңсесине милиция кызматкерлери келип, аны кармап кетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Алдын ала маалыматтарга караганда, укук коргоо органдарына Айпери Адылбек кызы аттуу жарандан журналистке каршы арыз түшкөн. Анын негизинде ИИМдин алдындагы Башкы тергөө башкармалыгынын Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн өкүлдөрү кеңседе тинтүү жүргүзгөн.

Жерине активисттер менен журналисттер топтолуп, кеңсенин ичинде эмне болуп жатканы аларга белгисиз экенин айтышты.

Темировдун кесиптештеринин айтымында, журналист баңгизатын сактоого шектелип жатат.

Укук коргоочулар тергөө амалдарынан кийин журналистти микроавтобуска салып кеткен. ИИМ бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости