www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдө коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулууда.
Баяндаманы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жасап жатып, коронавирус менен күрөшүп жүргөн медиктерге кошумча маяна берүүгө 30 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди.
Өкмөт башчынын айтымында, учурда иштеп жаткан дарыгерлер 7-10 миң сомдун тегерегинде гана айлык алат. "Медиктер азыр оор шартта иштеп жатат. Ар биринде "оорулуу кишилер чыгып калса эмне кылам" деген чочулоо бар. 7-10 миң сом маяна алган медиктерге кошумча акы төлөө үчүн эпидемиологиялык фонддон 30 миллион сом бөлдүк. Өзүлөрү ыраазы боло тургандай маяна чегерип берели деп жатабыз", — деди Абылгазиев.
Муну менен катар премьер-министр коронавирус жуктурган адамдар менен тыгыз байланышта болгон 144 адамды караган дарыгерлер санитардик норма боюнча үй-бүлөсүнө жолобош керектигин кошумчалады. Андыктан аларды колдоо зарылдыгын айтып, учурда ар бирибиздин тагдырыбыз медиктердин жана өзүбүздүн колубузда экенин белгиледи.
Эске сала кетсек кечээ, 18-мартта Кыргызстандын аймагында коронавирустун биринчи учуру катталды. Анда 13-март күнү Умра сапарынан келген 3 жаранда коронавируска шек жаралып, дене табы түшпөй жаткан. Тесттин жыйынтыгында алардын коронавирус жуктурганы аныкталды. Учурда алар Жалал-Абад облустук ооруканасында жатышат.
Булак: NazarNews.kg