www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокен районунун Масы айылынын тургуну 7 жашар баланы өлтүргөндүгү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Ноокен райондук соту чыгарды.

Соттолуучу 2019-жылдын 4-апрелинде 2012-жылы туулган өспүрүмдү уурдап, ал үчүн ата-энесинен 120 миң АКШ долларын талап кылган. Ошол эле маалда баланын ата-энеси милиция кызматкерлерине кайрыла турган болсо баланы өлтүрө тургандыгын эскерткен. Бирок, ал ага чейин эле баланы талаага алып чыгып, мыкаачылык менен өлтүрүп, жерге көмүп салган.

Соттук териштирүүдө белгилүү болгондой, уурдалган өспүрүмдүн атасы соттолуучуга убагында 170 миң сом карыз болгондугу белгилүү болуп, ал бересесин кайтарып берүүгө ниеттенбегендиги маалым болду. Ошондон улам ал мындай кадамга баргандыгын айтып, күнөөнү толугу менен мойнуна алган. Жыйынтыгында, сот соттолуучуну күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып пул төлөөсүн жана өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгарды.

Булак:NazarNews.kg  

Последние новости