www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи жолу Казакстандын тарыхында веб-кам студиянын иши аныкталып, ишмердүүлүгү токтотулду. Ал жерде кыздар үч “сменде” иштеген.

Кармалган кыздар Америка жана Европанын сайттарынын кардарларына виртуалдык-интимдик тейлөө көрсөтүп келишкен. Кармалгандардын арасында кыргызстандык жаран дагы бар. Ал - программист. Студиянын техникалык тейлөө жагына жооп берген. Тинтүү учурунда процессор, тематикалык атрибуттарды камтыган китепчелер табылган. Кыздарды жарыя аркылуу кабыл алышкан. Бирок, көп учурда кыздар айына убадаланган миң доллардын ордуна алда канча төмөн маяна алышчу.

Учурда Алматынын Медео РИИБи тарабынан “порнографиялык материалдарды мыйзамсыз жайылтуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Булак:NazarNews.kg  

Последние новости