www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Анда Депутат Өмүрбек Бакиров Араван районундагы чек арага жакын жайгашкан айыл маселесин көтөрүп чыкты. Депутат каралып жаткан мыйзам долбоорун окуп чыкканын, чек арага жакын айылдар кирбегенин айтып, эмне үчүн деген суроону узатты.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиев бардык акимдерге кат жөнөтүлгөнүн, айылдык кеңештин, район, облустун чечими менен киргизилээрин айтты.

Депутат араван районунун 70 пайызы чек арага жакын жайгашканын айтып, чек арага жакын аймактарга  чек ара статусу эмес, айыл статусун берүү боюнча маселени карап чыккыла деп Бахтияр Салиевге тапшырма берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости