www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-декабрда Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Ал окуянын чоо-жайын айтып берди.
Анын айтымында, кол салгандар бир нече кичи автобустар менен келишкен. Саясатчы алар бир буйрук менен келген деп болжолдойт. Бул өзүнө эле эмес, башка да оппозициячыл саясатчыларды да коркутуу аракети болгон деп эсептейт.
Саясатчынын айтымында, беткап тагынган эркектердин, айрымдары гана активдүү, калгандары жөн эле жүрүшкөн. Булар бийликти сындаганым үчүн коркутуу, дейт Текебаев.
"Бул саясий чабуул, саясый террордун башталышы. Алар менден башташты. Ошондо башкалар чочулашат деп ойлогон окшойт. Бизди шайлоонун жыйынтыгына каршы болгонубузга айыптап жатышат", - деди саясатчы.
Текебаевдин айтымында, чогулган адамдар анын телефонун жана көз айнегин алып кетишкен. Кокус күбөө болуп калгандардын да телефонун тартып алышкан. Ал түрмөдө отурганын жана бандиттердин да өз мыйзамдары бар экенин биле турганын эске салды. Алып кеткендерин кайтарып берүүгө үндөдү.
«Телефонду «Park Hotel'дин» коопсуздук кызматкерлерине берип койгула. Ал жакта үй-бүлөлүк сүрөттөр, апам менен чогуу түшкөн акыркы сүрөттөр, видеолор бар. Силерге ал телефондун кереги жок. Алып келсеңер, сатып алам», - деди Текебаев.
Булак: NazarNews.kg